Садыр Жапаров айлыктарды жогорулатуу тууралуу билдирүү жасады

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына айлыктарды жогорулатуу тууралуу билдирүү жасады.

"Бүгүнкү күндө кыргыз эли эле эмес, бүткүл дүйнө элдери кыйын акыбалда турганы талашсыз.
Анткени былтыртан бери коронавирус оорусу каптап, дүйнө жүзүнүн дээрлик 80 пайыз мамлекетине карантин киргизилип, айрым мамлекеттерде жашоо кыймылы бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу жандандырыла элек. Тескерисинче, айрым өлкөлөрдө кайрадан карантин киргизилип жатат.
Албетте, ушундай абалда дүйнө жүзүндө тамак-аш эле эмес, күнүмдүк жашоого керектелүүчү товарлардын баары кымбаттады. Себеби пандемияга байланыштуу өндүрүш ишканалардын көпчүлүгү токтоп калган. Тартыштык пайда болду.
Жашоо күн өткөн сайын оорлошуп жатканын көрүп турабыз. Жеңилдетүү үчүн биринчи кезекте, эмгек акылар, пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлүшү керек экенин баарыбыз жакшы билебиз.
Ушуга байланыштуу эмгек акыларды жогорулатуу боюнча колубуздан келген аракетибизди жасап жатабыз.
Мисалы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга 1-апрелден баштап көтөрүлдү.
Ал эми калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары биринчи июлдан баштап 50 пайызга көтөрүлөт.
Башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жана пенсия, жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча булактарды издеп жатабыз. Ушинтип четинен каржылоо булактарды таап, көтөрүп турбасак, баарын бир мезгилде көтөрүүгө бюджетибиз туруштук бере албайт экен.
Кудай буюрса, эмгек акыларды, пенсия жөлөк пулдарды жетиштүү деңгээлге чейин көтөрүүгө жетишебиз.
Эмне үчүн биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлүп жатат деген суроо туулушу мүмкүн.
Биринчиден, албетте, медицина кызматкерлеринин иши абдан оорлоду.
Экинчиден, өлкө боюнча 3 миң дарыгердин орду бош турат. Эмгек акынын аздыгынан кызматтан баш тартып кетишкен экен. Ошол себептен шарт түзүп берүү жолу менен баарын кайтарып келишибиз керек", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
NURSAPAR
2021-04-09 10:53:46
Мугалимдер кантет.
+2
Munir81
2021-04-09 12:16:48
Мен убдт кароолмун 2300алам
+1
sainazarov0555
2021-04-09 13:06:35
Munir81,4600 сом алып каласын эми :)
-2
munarbek.92
2021-04-10 03:15:49
Контрактник болуп жургондо 12500 алчу элем 2014-жылы 2 жылдан кийин 13100 болду 4 жылда 17000 жеткирдим ал дагы аз боло берди эле контракты бузуп россияга келдим россияга келген жылы 4 айдан кийин коронавирус башталды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан