Кыргызстан Бажы биримдигинин жол картасын түзүүдө "Кара-Суу", "Дордой" жана башка базарлар боюнча маселелерди жөнгө салышы керек. Муну 16-октябрдагы маалымат жыйынында экономика министри Темир Сариев айтты.
Учурда эксперттер аталган долбоор боюнча жол картасын түзүү менен алектенип жатыптыр. "Бул маселени эл аралык деңгээлде чечебиз. Жол картасын ноябрь айынын аягына чейин түзүшүбүз керек. Андан кийин мамлекет жетекчилери карап чыгып, макулдугун беришсе, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө даярдана баштайт",- деди Сариев.