Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков жакында иш сапары менен Нарындын Ат-Башы районуна барганда Кара-Суу айылынын тургуну Жыргал Осмонова кызы Жаркынайдын абалы оор экенин айтып андан жардам сураган эле. 6 жашар Жаркынай Кубанычбекова 4 жылдан бери жүрөк оорусунан жабыркап келе жатканы айтылган. Жылдан-жылга акыбалы оорлошуп бара жаткан кызга дарыгерлер кечиктирбей операция жасоону сунушташкан.
Депутат Карганбек Самаков операцияга кетчү чыгымдарынын баарын өз моюнуна алып, Жаркынайды Бишкекке алдырды жана бардык текшерүүлөрдөн өткөрүп Улуттук кардиология институтунда операция жасатып берди. Операциясы ийгиликтүү өткөн Ж.Кубанычбекова илдетинен айыкты. Кызынын өмүрүн сактап калууга көмөктөшкөн эл өкүлүнө Жаркынайдын ата-энеси терең ыраазылыгын билдиришкенин ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.