17-октябрда өлкөдө жаан-чачын болушу күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +16...+21°C, түнкүсүн +2...+7°C
Талас облусунда күндүз +15...+20°C, түнкүсүн 0...+5°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +19...+24°C, түнкүсүн +4...+9°C
Баткен облусунда күндүз +15...+20C, түнкүсүн +2...+7°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +15...+20°C, түнкүсүн +1...+6°C
Нарын облусунда күндүз +14...+19°C, түнкүсүн -3...+2°C
Бишкек шаарында күндүз +18...+20°C, түнкүсүн +5...+7°C
Борбордо жаан-чачын күтүлбөйт.