Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорттон Кыргыз жараны кармалды. Анын жанынан 3 миңден ашуун медициналык сүлүктөр табылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сабиха Гөкчен аэропортунан Кыргыз өлкөсүнө учмакчы болгон Кыргыз жаранынын жүгүн текшерүү учурунда 3300 тирүү медицинада колдонулуучу сүлүктөр табылган. Сүлүктөрдү мыйзамсыз алып бараткан жаранга 54 миң 555 түрк лирасы (болжол менен 567 миң сом) өлчөмүндө административдик айып салынган.
Тирүү сүлүктөр табигый жашоо чөйрөсүнө коё берилгени белгиленди.