Үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды

1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Саламаттыкты сактоо тутумунун башка категориядагы кызматкерлери үчүн эмгек акысы 2021-жылдын 1-июлунан тарта – 50 пайызга, ал эми техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлык акысы 40 пайызга жогорулатылат.

"2021-жылдын 1-апрелинен тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды. Өкмөттүн аталган чечими президенттин "Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, саламаттыкты сактоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана өркүндөтүү максатында кабыл алынган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirnar
2021-04-09 14:52:36
Врачтар и так элден ар шылтоону айтып алып жешет . Мед.айымдар мн санитаркалардын маянасын жогорулатуу зарыл.
+1
munduz2016
2021-04-09 16:42:28
Биздики жогорулайт бекен ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан