Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарындагы кээ бир мектептер бир күнгө жабылат

Жалал-Абад шаарындагы айрым мектептер бир күнгө жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы №3, 4, 5, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 16, 17, 19, 21 мектептер 12-апрель күнү иштебейт.
"Бул мектептер шайлоо участкасы катары пайдаланылгандыктан дүйшөмбү күнү дезинфекция иштери жүрөт. Шейшемби күнү кайрадан аталган мектептерде билим берүү улантылат. Ал эми калган билим уялары үзгүлтүксүз иштей берет", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан