АКШнын Техас штатындагы Брайан шаарында болгон атышуудан алты адам жаракат алды. Бул тууралуу полиция бөлүмүнүн лейтенанты Жейсон Жеймске шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын айрымдарынын абалы оор экени, жаракат алгандар жергиликтүү медициналык мекемелерге жеткирилгени такталган.
"Атышууга шектүү дагы деле эркиндикте, иштин чоо-жайы иликтенип жатат" деген полиция.
Буга чейин, 6-апрелде Техас штатындагы Аллен шаарында алты адамдан турган үй-бүлө өз үйүндө өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.