Мьянмада коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышуусунан акыркы суткада дагы 16 кишинин каза болгону кабарланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, жалпы адам өлүмү 614кө чейин көбөйүп, 2 миң 857 адам кармалган. Аскерлер нааразы болгон элге каршы чыныгы ок чыгаргандан кийин, демонстранттар колго жасалган жардыргыч заттар жана бычактар менен аскерлерге кол салышканы маалым болгон.
Эске салсак, 1-февралда Мьянмада бийликти аскерлер көзөмөлгө алып, өлкө көп партиялуу демократиялык системге өткөндүгүн жарыялаган. Аскер бийлиги өлкө боюнча бир жылга киргизилген өзгөчө кырдаал абалы аяктагандан кийин шайлоо өткөрүүнү убада кылышкан. Демонстранттар армияны бийликти демократиялык жол менен шайланган өкмөткө кайтарып берүүнү, 2020-жылы 8-ноябрда шайланган парламенттин биринчи сессиясын чакырууну жана камакка алынган лидерлерди токтоосуз бошотууну талап кылышууда.