Жо Байден Кытай менен Орусия тараптан болгон коркунучту токтотуу үчүн 715 миллиард доллар бөлүү керектигин айтты

АКШнын президенти Жо Байден мамлекеттин бюджетинен 715 миллиард доллар бөлүп берүүсү керектигин Сенаттан суранды. Айтымында, бул каражат Кытай жана Орусия тараптан болгон коркунучту токтотууга сарпталат. Бул тууралуу президенттик администрациянын сайтында жарыяланган документтерде айтылганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Андагы маалыматка караганда, бюджеттен 715 миллиард долларды өлкөнүн Коргоо министрлигине бөлүү менен Кытай жана Орусия тараптын коркутуусуна каршы турууга мүмкүнчүлүк болот.

Байден буга чейинки билдирүүлөрүндө да Орусияны өлкө үчүн кооптуу деп эсептей турганын билдирип келген. Мындан сырткары бир канча Батыш өлкөлөрү да Орусия тараптын кооптуулугун айтып келишет. Өз кезегинде Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ менен болгон мамиле кооптуу тарапка оой турган болсо, Орусия ага каршы турууга даяр экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kamchy-bek
2021-04-10 01:18:50
пии лайт
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан