Дубайда жылаңач фотосъемкага катышкан кыздардын бири өлкөсүнө кете албай калды

Дубайдагы имараттардын биринде энеден туума жылаңач фотосъемкага катышкан кыздардын бири коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу өлкөсүнө кете албай калды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка караганда, модель кыз Украинанын жараны. Чуулгандуу фотосъемкага катышкан кыздар Бириккен Араб Эмирликтеринен депортацияланышы керек болчу, бирок кыздардын бири коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгына байланыштуу өлкөдөн чыгарылган жок. Ал айыккан соң Украинага жиберилет.

Эскерте кетсек, Дубайдагы имараттардын биринде энеден туума жылаңач кыздардын катышуусунда фотосъемка болуп, анын уюштуруучусу Виталий Гречин кармалган, учурда ал араб түрмөсүндө. Аны жарым жылга эркинен ажыратышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mister-XXX
2021-04-10 03:24:24
Бизде эмнеге мындай мыйзам жок?Дубай онуккон олко.Динди урматташат,башка улутту да мыйзам бузууга жол бербейт.
+3
almanbetperm
2021-04-10 03:31:06
Mister-XXX,дубай онуккон шаар, олко эмес
+4
Shanson
2021-04-10 14:16:27
Mister-XXX,айланайын Дубайга келчи, сойкулук өнүгүп-өсүп жатканын колуңдан жетелеп барып көрсөтүп берейин. Бул окуя твиттерге чыгып, миллион подписчиги бар аккаунттар Дубай Полис, Дубай өкмөт аппаратын баарын отметка кылып "Быйыл эмне толеранттуулук жылыбы? Бизнес баштай берсе болобу ушул жаатта?" деп такмаза билдирүү калтыргандан кийин, көпчулүккө чыгып кетип эел ушундай кескин чараларды көрүп тыпырап калышты. А так, проституция жапжакшынакай болуп эле өнүгүп жатат араб өлкөсүндө :)
-1
nazira...
2021-04-10 06:43:54
А эмне үчүн тарткан баланы 6 ай камашат. Тартканга болбойт, а сойкулук кылса боло береби. Кыздардын кылганы туура эмес да, ошончо кыз жыланач катар тизилип турса баарыбыз эле тартабыз да.
0
Infiniti075
2021-04-10 09:03:46
nazira...,ал кочодон отуп бара жатып тарткан жок суротко. Ал ошол жыланачтарды уюштуруучусу
+5
Gulizaa
2021-04-10 13:51:40
nazira...,тооба ,ой жугуртунузчу кичине
0
Shanson
2021-04-10 14:18:51
Дубай, Араб Эмираты десе эле элдер ойлойт экен "Оой, арабдардын мамлекетинде тыкырын мыйзамдар" депчи. Ооба, мыйзам иштейт, бирок, сойкулуктун алдында күчсүз эле. Эркектер басымдуулук кылат - 80/20 болсо керек катнаш. Андыктан эркектер бел суусун чыгарып турганга "жардамдашкан кызматчылар" толтура. Албетте бекер эмес :). Ал эми тиги кармалган кыздар ошондой миңдеген "эмгекчилердин" бир эле бөлүгү. Кайталап айтам - Дубай десе эле тим эле баары туташ молдо, диний өлкө
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан