
Apple компаниясынын алдыңкы флагманынын баасы алты айда дээрлик 20 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусияда iPhone 12 Pro Max телефонун 90 миң 990 (99 миң 684 сом) рублга сатып алсаңыз болот. Сатуунун башталышында 128 гигабайттык ички эс-тутуму бар модель 109 990 рублга (120 миң 500сом) бааланган. Анын үстүнө сатыла баштагандан бери Apple интернет дүкөнүндөгү телефондун баасы өзгөргөн эмес.
Эң кымбат iPhone моделинин баасын рекорддук төмөндөтүү жөнүндө жарыялагандан кийин сатыла баштаганда телефондор тартыш болуп жаткандыгы байкалган. Бирок телефондорго болгон суроо-талап аяктагандан кийин арзандап кеткен.