1-июлдан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
"Бул чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.
1-июлдан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, “Улуттук” статусуна же “академиялык” наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20%га көтөрүлөт.
Мурда Өкмөттүн чечими менен “Улуттук” статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80%га көтөрүлгөн.
Башка мекемелердеги маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин, анын ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын карамагында турган маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50%га жогорулатуу каралган", - деп жазылат маалыматта.