Ош облусунда март айында жоголуп, изделип жаткан 24 жаштагы Таирбек кызы Айдана табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Ош көчөсүнөн ушул жылдын 13-март күнү чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан Айдана Таирбек кызы Чүй облусунун аймагынан 10-апрелде табылган.
"Ал табылган учурда өз эрки менен үйдөн чыгып кеткенин, жакшы көргөн адамы менен баш кошуп жашап жаткандыгын айткан. Ден соолугу жакшы. Кошумча маалымат даярдалып жатат. Айдана ИИМдин криминалдык милиция кызматы жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын биргеликте издөө аракетинин натыйжасында табылды", - деп жазылат маалыматта.