Борбор калаадагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүүдө. №1104 шайлоо тилкесинде гимндин жаңырышы менен добуш берүү расмий түрдө ачылды.
Шайлоого биринчи болуп келген Бишкек шаарынын тургуну Жанаргүл Макиева шайлоодон жеңип чыккан депутаттардан көп нерсе күтөрүн айтат. Ал эң биринчи шаардын тазалыгына, калктын аярлуу тобуна шарттардын түзүлүшүн каалайт.
"Жумушума байланыштуу дайыма эрте келүүгө аракет кылам. Шайлоодон жаштардын жеңип чыгуусун каалайт элем. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шаардын ичинде ынгайлуу шарттарды түзүп берсе жакшы болмок", - деди ал.
Белгилей кетсек, 28 шаардык кеңеште, 420 айылдык кеңештерге шайлоо өтүүдө.
Эске салсак, 11-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добушун беришкен.