Бүгүн, 11-апрель күнү өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтүүдө.
Ага ылайык, №1358 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүүдө.
Аталган шайлоо участкасында кезек күткөндөр дээрлик жокко эсе.
Эртең менен башталгандан тарта байкоо салып турган саясий партиялардын байкоочуларынын бири мыйзам бузуулар азырынча каттала электигин билдирди.
"Эл дагы көнүп калышкан окшойт, буюрса тынч өтүп жатат. Ушундай темп менен жыйынтыктап алсак деген жакшы ниеттер менен байкоо салып турабыз", - дейт ал.
№1358 шайлоо участкасы "Дордой" базарынын аймагында жайгашкан. Укук коргоо органдарынан 2 милиция кызматкери көзөмөл салып турганына күбө болдук.