Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде саат 13:30 чамасында №1327 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Кимге добуш бергендиги жана жаңы Конституцияны колдодубу же жокпу деген суроого Сооронбай Жээнбеков ачык жооп берген жок.
“Бүгүн шайлоо күнү. Бул күнү үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Буга кошумча, ар бир жаран кимге добуш бергенин купуя сыр катары сактоого укуктуу. Негизгиси бүгүнкү жарандык милдетимди аткардым", - деди ал.
Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүүдө.
11-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добушун беришкен.