Шайлоочу: "Көп учурда үмүтүбүз акталбаса да шайлоого келүүнү токтотпойбуз"

№1115 шайлоо участкасында добуш берүү уланууда. Аталган шайлоо тилкесине улуу муундун өкүлдөрү келип жатканын байкоого болот.

Бишкек шаарынын тургуну Леонид Ильич байбичеси менен ар дайым шайлоого калтырбай катышарын айтат.

"Көп учурда үмүтүбүз акталбаса да шайлоого келүүнү токтотпойбуз. Өлкөбүздүн Орусиядагыдай өнүгүүсүн каалайбыз. 10 жылдап отурса да эч нерсе кылбагандар бар эмеспи. А биз жаңы жүздөрдүн келүүсүн, алардын акыл-эстүү болуп эли үчүн жакшы иштерди жасашын каалайбыз", - деди Леонид Ильич.

Ал эми шайлоо участкасынын төрайымы Чынара айым шайлоо тынч өтүп жатканын, болгону техникалык жактан мүчүлүштүктөр болуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 28 шаардык кеңеште, 420 айылдык кеңештерге шайлоо болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан