Бишкектеги №1111 жана №1112 шайлоо тилкелеринде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга добуш бергени келген тургундардын саны арбын. Бардык санитардык нормалар, коопсуздук эрежелери сакталууда.
Шайлоочу Игорь Борисович келип ар дайым шайлоого ушул шайлоо тилкесинде добуш берерин айтты.
"Шаарда өзгөрүү болоруна ишенем, ар дайым жарандык парзымды аткарып, шайлоого катышып келем. Чынында баарыбыз шайлоого катышып, өз милдетибизди аткарышыбыз керек", - дейт шайлоочу.