Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы: "Шайлоо тилкелериндеги техникалык мүчүлүштүктөр өз убагында калыбына келтирилди"

Ош шаарындагы шайлоо тилкелериндеги техникалык мүчүлүштүктөр өз убагында калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде маалымат жыйында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Расулбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 78 шайлоо тилкеси өз убагында ачылды. "Жарандар референдумга жана жергиликтүү кеңешке шайлоого активдүү катышып жатат. Шайлоо тилкелеринде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, медицина кызматкерлери санитардык талаптарды сактап жатышат. Техникалык мүчүлүштүктөр өз убагында калыбына келтирилди", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан