Социалдык өнүгүү министрлиги калкка ноябрь айында берилүүчү социалдык төлөм үчүн 370 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу 17-октябрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Каражаттын 229 миллион 882,5 миң сому жөлөк пул катары берилсе, 120 миллион 345 миллион сому компенсация жана жеңилдик катары берилет. Мындан сырткары 27 миллион 449,6 миң сом кош бойлуулук жана төрөт учурундагы жардамдарга багытталат. Жалпы мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акчанын суммасы 377 миллион 677,1 миң сомду түздү.