Саат 10:00гө карата референдумга 181 миң 801 шайлоочу добуш берди

Референдумга саат 10:00гө карата 181 миң 801 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"Жалпы 3 миллион 606 миң 201 шайлоочу бар. Анын 5,04 пайызы добуш берди. Бишкекте 13 миң 458, Ош шаары 12 миң 65, Жалал-Абад облусу 42 миң 576, Ысык-Көл облусу 13 миң 661, Нарын облусу 10 миң 383, Ош облусу 42 миң 158, Талас облусу 8 миң 409, Чүй облусу 22 миң 426, Баткен облусу 16 миң 292, чет өлкөлөрдө 373 адам добуш берүүгө катышты", - деди Шайлдабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан