Кулпурган, суктанткан, "жүдөө" гүлдөр. Борбор калаадагы үч жыл ичинде эрте жазда ачылган жоогазындарды салыштырабыз

Жазды түркүн-түстүү гүлдөрсүз элестетүү мүмкүн эмес. Жадыраган жаз ары сулуу, ары кооз гүлдөрдүн ачылуусу менен башталат эмеспи. Эмнегедир быйыл борбор калаабыз Бишкек шаарындагы гүлдөр башка жылдарга салыштырмалуу "жүдөө" көрүнүүдө. Жоогазындар клумбанын бир жеринде бажырайып ачылган болсо, экинчи жеринде жакшы өспөй калганын көрүүгө болот. SUPER.KG порталы үч жыл ичинде жоогазындардын ачылган учурда тартылган сүрөттөрүн карап салыштырып көрдүк.

2021-жыл. Жоогазындар "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан күзүндө тигилген. Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу гүлдөр тегиз ачпаганын көрүүгө болот.

2020-жылы ачылган көркөмдүү жоогазындар. Өткөн жылы жоогазындар кызыл, ак, сары, кызгылт жана кызгылт көк түстө ачылган.

2019-жылы Бишкек шаарында гүл ачкан жоогазындар. Түркүн түстө ачылган гүлдөр тим эле көргөн көздү суктандырып, жан дүйнөгө ырахат тартуулагандай.

Буга чейин гүлдүн уруктарын башка өлкөлөрдөн алып келингенин, быйыл пандемияга байланыштуу Бишкек шаарына отургузулган жоогазын гүлдөрү Кыргыз өлкөсүнө таандык экендигин "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынан билдиришкен.

"Быйыл жоогазын гүлдөрүн пандемия болгондуктан, чет өлкөдөн гүлдүн уруктарын алып келе алган жокпуз. Ошондуктан ата мекендик гүлдөрдү отургуздук. Гүлдөр борбор калаанын төрт районуна тең күзүндө отургузулган. Быйыл жаз суук болуп жаткандыктан, бир аз кеч ачылып жатат. Бул жоогазындар дагы өсөт. Болжолдуу май айынын ортосуна чейин ачылат. Гүлдөр ачылып бүткөн соң ордуна бир жылдык гүлдөр отургузулат. Азыркы учурда бир жылдык гүлдөрдү күнөсканада өстүрүп жатабыз", - деп билдиришкен Бишкек шаардык мэриясына караштуу "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынан.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы борбор калаага1 миллион 500 миң даана бир жылдык гүл, 3 миң 930 даана роза отургузуу пландалган.

Жоогазындын мекени аталган Голландияда бул гүлгө байланышкан кызыктар көп. Жоогазын алгач Түркиядан алынып барылганына карабай, ушул күнгө чейин үлбүрөгөн чөйчөктөй кооз гүлдүн мекени Голландия аталып келет. Түрктөр убагында бул гүлгө маани бербегендиктен, жоогазын гүлүнүн мекени аталуудан кол жууп калышкан. Ошентсе да жоогазындын "тюльпан" деген аталыш менен дүйнөгө таанылуусуна түрктөр себепкер. "Тюльпан" сөзү түрктөрдүн кездемеден чалып оролгон "түрбан" аттуу баш кийиминен келип чыккан. Түрбандын да формасы жоогазындын ачыла элек желекчелерине окшоп, биринин үстүнө бири катталып турат.

Жоогазындын тамыры кадимки пияз сыяктуу тоголок келет. Учурда жоогазындын дүйнө жүзү боюнча 1800дөй түрү бар. Гүлдү өстүрүүнү каалагандар сабагынан эмес, түбүнөн алып келип өстүрүшү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidan_Ek
2021-04-11 23:08:03
Элибиз да жудоду ушул тюльпандардай болуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан