Саат 12:00гө карата Ички иштер министрлигине мыйзам бузуу боюнча 12 даттануу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде ИИМдин өкүлү Султан Макилов брифингде билдирди.
"Административдик ресурс колдонуу боюнча 1, үгүт иштери боюнча 4, бюллетенди сүрөткө тартуу боюнча 1, шайлоо тилкесинин алдында белгисиз адам туруп алганы боюнча 2, шайлоо комиссияларына карата 4 даттануу түштү", - дейт ал.