Ысык-Көл: 19-октябрь күнү Жети-Өгүздө заманбап талапка жооп берген спорт комплекс ачылат
19-октябрь күнү Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жаңы "Желдең-Ата" аттуу спорт комплексинин ачылыш аземи болот. Уюштуруучулардын айтымында, аталган спорт комплексте спорт менен машыгууну каалагандар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн жана заманбап талапка жооп бере турган болуп салынган. Ошондой эле аталган спорт комплекс Ысык-Көл аймагы боюнча эң чоң спорт комплекс болот экен. Спорт комплекс айыл өкмөтүнүн сунушу менен "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду" тарабынан салынган .