ИИМге эртеден бери добуш сатып алуу боюнча 8 кайрылуу түштү

Ички иштер министрлигине эртеден бери добуш сатып алуу боюнча 8 кайрылуу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде ИИМдин өкүлү Султан Макилов брифингде билдирди.

"ИИМге 26 кайрылуу түшкөн. Үгүт иштери боюнча 12, добуш сатып алуу боюнча 8, шайлоочуларды ташуу боюнча 3 жана башка маселе боюнча кайрылуу келди.

Ошто, Баткенде, жасалма документтерди жасоого байланыштуу Токтогулдагы шек боюнча маалымат берүү аракети болгон. Ошондой эле социалдык тармакка Бишкек шаарындагы №1312 шайлоо участкасында добуш сатып алуу жүрүп жаткандыгы тууралуу видео жарыялангандыгын баарыңыздар көрдүңүздөр. Окуя болгон жерге документтер тобу келип, сотко чейинки процесстер башталды", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан