Мурда жасаган кылмыштары үчүн 3 талапкер кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Башкы прокуратуранын өкүлү Артур Бит-Аврагим билдирди.
"Апрель айында шектүүлөр жөнүндө билдирүүлөр тапшырылып, мурда жасалган кылмыштар боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттыгына 3 талапкер кармалган. Процесстин жүрүшүндө 2 адам депутаттыкка талапкер болгонун билдиришкен жок. Алар боюнча чаралар көрүлдү. Алар мурда жасалган кылмыштар - алдамчылык жана уурдоо үчүн кармалган. Фактылар Ош, Жалал-Абад, Чүй облусунда катталды", - деди ал.