Чүйдө дайынсыз болуп жаткан Наталья Худякова аман-эсен табылды

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан Наталья Худякова аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Буга чейин Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 6-апрель күнү 38 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Анда кызы 6-апрель күнү саат 04:30 чамасында Хонда-Одиссей унаасы менен үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келбегенин билдирген.

Бул арыздын негизинде издөө иштери башталып, 6-апрель күнү саат 18:35 чамасында кыз Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Анда дайынсыз болуп жаткан Наталья Худякова мас абалында болгон. Унаасы ошол замат айып короосуна токтотулган. Ал эми өзү Кант шаарынан табылган. Учурда аны милиция кызматкерлери жакындарына өткөрүп берүү иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан