Референдумга 30 пайыздан кем эмес шайлоочу катышса, референдум болуп өттү деп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Конституциялык мыйзамдын негизинде жалпы референдумга 30 пайыздан кем эмес шайлоочу катышса, референдум болуп өттү деп эсептелет. Референдумга катышкандардын жарымынан көбүнүн добушун алган позиция үчүн чечим кабыл алынат. Жарымынан көбү "макул" деп добуш берсе, жалпы элдин назарына сунуш кылынган Баш мыйзам кабыл алынат", - деди Бекматов.