Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна 43 кайрылуу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.
"Ушул саатка 43 маалымат билдирүү түштү. Азыркы саатка башка кайрылуулар келип жатат. Саат 20:00дө жыйынтыктап айтып беребиз. Административдик ресурс боюнча 3, үгүт иштери боюнча 13, шайлоочулардын укугун бузуу боюнча 1, шайлоочуларды ташуу 2, бюллетенди фотого тартуу 1, урналардын жанында белгисиз адамдардын турганы боюнча 2 жана башка кайрылуулар түштү", - деди Шайназаров.