ИИМдин өкүлү: "Белгиси бар бет кап тагынган шайлоочулардын добуш сатып алууга, эч кандай партияга тиешеси жок"

"Белгиси бар бет кап тагынган шайлоочулардын добуш сатып алууга, эч кандай партияга тиешеси жок", - деп бүгүн, 11-апрелде брифингде Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов билдирди.

"Жашыл жана белгиси бар бет каптарды текшеришти. Алардын добуш сатып алууга жана эч кандай партияга тиешеси жок", - деди ал.

Буга чейин Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бирине шайлоочулар белгиси бар бет кап тагынып келишкени маалымдалган. Бул ишти кошумча иликтөө үчүн ички иштер органдарына кат жөнөтүлгөнү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2021-04-11 20:26:48
бир жерден сатып алышса керек да
-4
futboler
2021-04-11 20:31:35
Ашыкча ишти не кыласың башты оорутуп, эч кимге тиешеси жок десек кутулабыз дешти да.
+10
TIMON_BERKOWITZ
2021-04-11 22:30:41
4 октябрьда дагы ушундай маскалар чыгып калган болчу, Мекеним Кыргызстан деген партияныкы деп. Азыр дагы пайда болду - күнөлүү жок!
Көрүп турсак да көрмөксөнгө салып койгонго мастербиз го!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан