Баткенде шайлоочулардын катышуусу боюнча болжолдуу жыйынтык чыгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусу боюнча атайын өкүлүнүн маалыматына ылайык, шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары боюнча, Баткен облусунун шайлоочуларынын 36 пайыз жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого, 35 пайыз референдумга катышып, добуш беришти.

Облуста 27 айылдык, 6 шаардык кеңештерге шайлоо өттү.

Шаардык кеңештин депутаттыгына 166 мандатка 56 партия жана айылдык кеңештин депутаттыгына 577 мандатка 1633 талапкерлер ат салышты.

Шайлоонун жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар болгон эмес.

Эскерте кетсек, азырынча шайлоонун жыйынтыгы акыркы эмес. Бул чыккан маалыматтар автоматтык жана кол менен эсептөөлөрдүн алдын ала көрсөткүчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан