Референдумга 36,43 пайыз шайлоочу добуш берди

Референдумга 36,43 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Референдумга 1 миллион 314 миң 511 шайлоочу добуш берген. Анын 79.22 пайызы "макул" деп, 13.67 "каршы" деп добуш берди.

"Бишкекте 129 942, Ош шаарында 66 779, Жалал-Абад облусунда 263 056, Ысык-Көл облусунданда 113 098, Нарын облусунда 86 033, Ош облусунда 282 018, Талас облусунда 68 985, Чүй облусунда 196 418, Баткен облусунда 108 182 шайлоочу добуш берген", - дейт ал.

Шайлдабекова бул алдын ала жыйынтыктар болгондуктан, көрсөткүчтөр улам өзгөрүп турарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан