Чүйдүн Ысык-Ата районунда өгөй атасы тарабынан сабалган 4 жашар баланын окуясы тергелип бүтүп, соттук кароого жиберилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүйдүн Ысык-Ата районунда 4 жашар бала өгөй атасы тарабынан сабалган. 23-февраль күнү Ысык-Ата РИИБине Узун-Кыр айылынын тургуну кайрылып, жарандык никеде жашаган күйөөсү 22-февраль күнү саат 21:00 чамасында биринчи никеден 2016-жылы туулган баласын сабаганын айткан.
Тергөөдө шектүү менен жабырлануучу келин 2016-жылдан бери жарандык никеде жашап, 2016-жылы жана 2018-жылы туулган эки баланы тарбиялап келе жатышканы белгилүү болгон. Алардын бири келиндин мурунку жолдошунан.