Таласта социалдык мекемелерди көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат

Талас облусундагы социалдык мекемелерди жана калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу обладминистрациянын басма сөз кызматы билдирди. Учурда облустун саламаттык сактоо тармагы көмүр менен 85,5 пайызга, билим берүү тармагы 89,5 пайызга камсыз болушту. Ал эми облустун жалпы бюджеттик мекемелерине 4583 тонна көмүр керектелсе, анын 2644 тоннасы алынып келинип, көмүргө болгон керектөө 57 пайыздан ашык аткарылды. Таластын калкын көмүр менен камсыз кылуу 50 пайыздан ашып калды. Көмүрдүн 1 тоннасы учурда 4200 сом болууда. Азыр облуста көмүр сатуучу 45 пункт иштөөдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан