реклама
super.kg logo

Орусиядагы мигранттар жасалма документтер менен көп кармалууда. Министрлик аларга эскертүү жасады

 

Орусиянын аймагында жасалма документтер менен жүргөн мигранттарга кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралган. Буга байланыштуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги эскертүү жасады.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы убакта Орусиянын аймагында эмгектенип жүргөн Кыргыз жарандары жасалма ID карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалган учурлар көбөйүүдө.

"Биздин айрым мекендештер документтерин жоготуп же мөөнөтү бүтүп калып жана башка ар кандай себептер менен жасалма документтерди жасатышып жатат. Жасалма документтерди колдонуп жүрсөңүз, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык, кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралгандыгын эскертебиз. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн документтерин жоготкон учурда жакын аймактагы полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, документтерди жоготкондугу тууралуу тактаманы алуу керек. Андан кийин Орусиядагы Кыргыз Республикасынын консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү документтерди мыйзамдуу жол менен алуу зарыл. Эгерде сизге жасалма жол менен жасалган документтерди сунуштаган учур болсо ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылсаңыздар болот", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.04.2021. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
06-12-2015
Соӊку аракети:
21-06-2021 23:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сат сат сат колтугундун жунун сат(элиталарга тиешелуу)
12.04.2021. 17:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
04-11-2020
Соӊку аракети:
21-06-2021 16:03
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИМдин Орусиядагы окулу бизди угат бекен озу?копчулуктун документи жасалма азыр,озун барып жасатпаган регистрация конечно фальшивый.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: