Министр Кайрат Иманалиев Азербайжан президентинин кеңешчиси менен жолукту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Азербайжан президентинин кеңешчиси Хикмет Хаджиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Жолугушууда тараптар Кыргыз өлкөсү менен Азербайжандын ортосунда маданий байланыштар, маалымат, спорт, жаштар саясаты тармагындагы тажрыйба алмашуулар тууралуу пикир алышты. Хикмет Хаджиев Кайрат Иманалиевди Бакуга келип Түрк тилдүү мамлекеттердин Маалымат министрлеринин жыйынына катышып жаткандыгына жана Азербайжан мамлекети менен кызматташуусу үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Министр Кайрат Иманалиев Азербайжан мамлекетинин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына өзгөчө маани бергенине токтолуп, Кыргыз өлкөсүндө да Узеир Гаджибеков, Кара Караев, Полад Бюл-Бюл оглы, Муслим Магомаевдин, Бактыяр Вахабзаде, Анар Рязаев сындуу Азербайжан элинин улуу таланттары кеңири таанымал экенин кошумчалады. Ал учурда маданият элдердин ортосундагы алтын көпүрө экендигин эске алып, мындан ары маданий кызматташтыкты жакшыртуу, бири-бирине кеңири таанытуу учурдун талабы экендигин баса белгилегени айтылды. Хикмет Хаджиев бул демилгелерди Азербайжан тарап колдоорун айтып, алдыда Азербайжандын өлкө башчысы Ильхам Алиевдин Кыргыз мамлекетине расмий иш сапары пландалып жатканын кабарлады.
Президенттин кеңешчиси Азербайжан бийлиги кыргыз элинин ар тараптуу өнүгүшүн кубаттарын айтып, ийгиликтерди каалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан