Өлкөдө жергиликтүү жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого жалпы 1 миллиондон ашык адам катышты

Өлкөдө жергиликтүү жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого жалпы 1 миллиондон ашык адам катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардык жана айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого жалпы 1 миллион 24 миң 891 шайлоочу катышты же 30,89 пайызды түздү. Шаардык кеңештерге шайлоодо 303 миң 176 шайлоочу катышты же 25,89 пайызды түздү. Ал эми айылдык кеңештерге шайлоого 721 миң 715 адам катышты же 31,81 пайызды түздү.

Эскерте кетсек, кечээ өлкөдө референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан