Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоганды диктатор деп айткан Италиянын премьер-министри Марио Драгинин сөздөрүнөн кийин Түркия Италиянын "Leonardo" компаниясынан тик учак сатып алууну токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, түрк өкмөтү дипломатиялык каналдар аркылуу берилген түшүндүрмөлөргө ыраазы болбой, Италиянын премьер-министринин сөздөрү үчүн расмий кечирим суроосун талап кылууда. Ошол эле учурда Римден эч кандай жооп болбогондуктан, түрк бийлиги коркутуп-үркүтүү сигналдарын бере баштаган.
Буга чейин Италиянын премьер-министри Марио Драги Түркиянын башчысын диктатор катары мүнөздөп, бирок аны менен кызматташуу зарыл экендигин белгилеген. Анын айтымында, мындай саясатчылар менен мамиледе туура баланс табылышы керек.
Андан кийин Италиянын Анкарадагы элчиси Массимо Гайани Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, андан премьер-министрдин билдирүүсүн тактап берүүнү суранышкан. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Драгинин билдирүүсүн айыптап, Эрдоган кызматына шайлоонун жыйынтыгы менен киришкенин баса белгилеген.