Ысык-Көл облусунда 65 жаштагы киши 2 күн мурда балык уулоого чыккан бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашып, бүгүн да издөө иштери улантыларын кошумчалады.
Белгилүү болгондой, Түп районунун Маяк айылынын 1956-жылы туулган тургуну 10-апрель күнү саат 17:30 чамасында көлгө балык уулоого чыгып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон.
11-апрель күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу, 8 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылган. Бүгүн, 12-апрель күнү издөө иштери улантылат.