Курсан Асанов үй камагына чыгарылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Басма сөз кызматы кандай негизде чыгарылганы боюнча айткан жок.

Буга чейин Курсан Асановду СИЗО-1ден УКМКнын СИЗОсуна которуларын жактоочусу билдирген.

Курсан Асанов баш аламандык учурунда ИИМдин имаратын басып алган деп айтыпалууда. Ал 26-январда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Асановдун жактоочусу буга чейин "Бул саясий негиздеги иш. Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин имаратына ошол кездеги Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган Өмүрбек Суваналиевдин көрсөтмөсү менен келген. Департаменттин жетекчилиги жеринде болгон эмес. Ал талап-тоноолордун алдын алуу максатында жүргөн жана ал абалды тартипке келтирди. Рахмат дегендин ордуна аны кармашканы акыйкатсыз болду. Курсан Асанов эч нерсеге кол койгон эмес, кадр маселесин да чечкен эмес”, - деген Айткулов.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан