Перс булуңундагы өлкөлөрдө Орозо айындагы орозо дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү башталбайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-апрелде Сауд Арабиясынын Жогорку Соту дүйшөмбү күнү Перс булуңундагы өлкөлөр айдын чыгышын көрө албайт деген чечим чыгарган. Мындан улам башка көптөгөн араб өлкөлөрү Сауд Арабиясын ээрчишет, бирок алардын ар бири өзүнүн астрономдорунун жана теологдорунун көрсөтмөсүнө таянат.
Буга байланыштуу Египетте, Иракта, Тунисте, Ливанда, Кувейтте, Йеменде, Оманда, Бириккен Араб Эмирликтеринде Орозо айы бүгүн башталбайт.
Ал эми, Кыргыз өлкөсүндө Орозо айы бүгүн, 12-апрелден 13-апрелге караган түнү башталат.