18-октябрда Ош облусунун айрым аймактарында электр жарыгы болбойт
Ош облусунун айрым аймактарында 18-октябрь күнү саат 8:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Электр энергиясы Кара-Суу шаарындагы Токтогул, Нариман, Савай жана Энгельс көчөлөрүндө, мындан сырткары Ноокат районундагы Мирмахмудов жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүндө, Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө электр жарыгы болбойт. Кара-Суу районундагы Савай жана Отуз-Адыр айыл өкмөттөрүндө да электр жарыгын берүү чектелет. Өчүрүүлөр тармактагы жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу болот.