Эл аралык байкоочулар референдумга келген шайлоочулардын жогорку босогосун белгилешти

ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары шайлоочулардын активдүүлүгү жана Кыргыз мамлекетинин Конституциясына өзгөртүүлөрдү колдоонун пайызы жогору экендигин белгилешти. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде брифингде Орусиянын федерация кеңешинин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик курулуш боюнча комитетинин мүчөсү Ольга Ковитиди билдирди.

ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынан 8 эл аралык байкоочу - ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Орусиянын өкүлдөрү катышты.

"Эл аралык байкоочулар шайлоого катышуу босогосунун кыйла жогору экендигин, ошондой эле Конституцияны өзгөртүүнү 79 пайыз шайлоочу колдогонун белгиледи. Референдум эл аралык жана коомдук байкоочулардын кеңири жана массалык катышуусу менен айырмаланат. Бул демократиялык жана ачык мүнөзгө басым жасайт", - дейт Ольга Ковитиди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан