"Ыраазымын". Ырчы Гүлзада Рыскулова катарында болгон партия шайлоодон өтпөй калды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын катарында жергиликтүү кеңешке шайлоого аттанган. Тилекке каршы, аталган партия жетиштүү добуш топтой алган жок. Буга байланышту ырчы билдирүү жасап, колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.

"Канча сынактардан жеңилип, акыркы орунга да илээшпей калган учурлар чыгармачылыгымда көп эле болду. Жыгылып кайра туруп, жеңилип кайра чыйралып келем. Бүгүнкүнүн жыйынтыгын келечектин көзү менен көрдүм. Жалган чынга окшошсо да өмүрү кыска! Мага колдоо көрсөткөн жакындарыма, угармандарыма, өнөр сахнасындагы бир туугандарыма ыраазымын", - дейт ал.

Кечээ, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Анда 25 партия шаардык кеңештин 45 оруну үчүн ат салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-04-12 16:00:43
Жөн эле ырдап эле журүшүн керек эле да синдим. Биз сени ырын менен тааныйбыз, чимкирик болгондун неси жакшы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан