Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, ырчы Анжеликанын мандат алуусу арсар болууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланган маалымат боюнча, "Биздин эл" партиясына беш мандат буюрушу ыктымал. Аталган партиянын курамы менен шайлоого аттанган ырчы тизмеде 6-катарда болчу. Анжелика айым кийинчерээк депутат болорун айтат.
"Бизге 5 мандат берилип жатат. Беш орундун бирине мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам. Партиянын лидери мага башынан эле 3-орунду берип келген. Бирок мен 6 санын тандап, алдыга 24 жаштагы София-Айдана деген жаш кызды койгонбуз. Азыр ал орунду мага берип жатышат. Бирок менин ден соолугум толук кандуу иштегенге азырынча мүмкүнчүлүк бербейт. Айдана иштеп турса, мен кийинчерээк келем.
Менин максатым жаштарды колдоо жана аларга ишеним көрсөтүү, элге кандай болсо дагы пайда алып келүү. Ден соолугумду бекемдеп, сөзсүз келээрки жылы болобу же жарым жылда болобу шаардык кеңешке келем. Менин ал жерде ордум бар. Өтпөй калды деген маалыматтар туура эмес!
Буюрса, эми кенен басып, кенен иштеп, аркамдагы күчтүү командам менен көптөгөн жакшы иштерди жасап, элдин батасын алып, келечекке жол курган жаштардан болобуз. Бул жеңиш бизге оңойго турган жок", - деди ал.
Кечээ, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Анда 25 партия шаардык кеңештин 45 оруну үчүн ат салышкан.