Шайлоонун акыркы жыйынтыктары добуштарды кол менен саноо протоколунун негизинде аныкталат. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, азыркы жыйынтык алдын ала автоматтык түрдө эсептеген урнанын негизинде эсептелүүдө.
Кечээ, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо, референдум өткөн. Шайлоо 28 шаардык кеңеште, 420 айылдык кеңеште болду.