Түркмөнстанда биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Түркмөнстанда биринчи жолу бөйрөктү трансплантациялоо операциясы жасалды. Бур тууралуу түркмөн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта операция ийгиликтүү аяктаганы белгиленип, бейтап жана операция жасалган жер жөнүндө айтылган эмес. Болгону бейтаптын өнөкөт бөйрөк оорусунан жапа чеккендигин жана жакын тууганы донор болуп бергенин ачыкташкан. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов дарыгерлерди ийгиликтүү операциясы менен куттуктаганы айтылды.

Ушул убакка чейин органдарды трансплантациялоого муктаж болгон түркмөнстандыктар чет элдик дарыгерлердин жардамына таянып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан