Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин медалдары, Ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жалпысынан 35 кызматкер ИИМдин медалдарына, 9 кызматкер Ардак грамотага ээ болушту. Ал эми Ош ШИИБинин жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын инспектору Кызжибек Дыйканова "Милициянын майору" атайын наамына ээ болду.
"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов бүгүн башкармалыктын өз милдетин аткарууда артыкчылык көрсөтүшкөн кызматкерлерине Ички иштер министрлигинин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын сыйлыктарын тапшырды.
Ошондой эле башкармалыктын жетекчиси убактылуу кармоочу жайда өз өмүрүнө кол салып, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган шектүүгө тез жардам көрсөтүп жанын сактап калышкан милиционерлер Жылдызбек Макамбаев менен Жанарбек Ибраимовго ыраазычылык жарыялап, алар сыйлыкка сунушталарын айтты. Иш-чара салтанаттуу жүрүш менен жыйынтыкталды", - деп жазылат маалыматта.