Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары мамлекет тарабынан берилген батирден баш тартканы белгилүү болду

Саламаттыкты сактоо министринин эки орун басары мамлекет тарабынан берилген батирден баш тартты. Бул маалыматты тактоо максатында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканыбызда белгилүү болду.

"Биринчиден, ал батирлерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек. Чатырынан суу агып жатат, капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн ага 5 миң доллардан ашык каражат кетет. Орун басарларымдын бири Кадамжайдан, бири Токмоктон келген. Бул жакта жашай турган жери жок. Оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жашап турсун деп ойлогом. Бирок алар үйдү өз алдынча оңдой алган дарыгерлердин пайдасына баш тартышты.

Калган сапаты жакшы батирлерди медицина кызматкерлерине беребиз.

Батир алуу үчүн келгендер көп, аны УКМК карайт. Эгер алар текшерүүдөн өткөрсө, анан шартына карап берилет", - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде кызматтык батирлер аталган мекемеде бир топ жылдан бери эмгектенип келе жаткан кызматкерлерге тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан